Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы директор дайындалды

Мамбетказиева Айгүл Токтобековна Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Дайындоо тууралуу буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Маалымат үчүн: Мамбетказиева Айгүл Токтобековна1955-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган (1973-1978). Алгачкы эмгек жолун 1978-жылы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде иштеп баштаган.

1978-1980-жж.. – экскурсовод.

1980-1986-жж.. – прикладдык искусство бөлүмүндө илимий кызматкер.

1986-ж. азыркы мезгилге чейин сактоочу болуп иштеген.

Директорлук кызматка дайындалганга чейин музейдин жетекчисинин орун басары, музейдин башкы сактоочусу кызматын аркалап келген.

Эске салсак, музейде 27-ноябрда феминале көргөзмөсү өткөрүлүп, андагы чанымчыл экспонаттар коомчулуктун нааразычылыгын туудурган. Жыйынтыгында музейдин директору Мира Жангарачева ээлеген кызматынан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД