Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык акциясына чыгышат

Садыр Жапаровдун тарапташтары парламенттин экс-депутатын колдоо үчүн тынчтык акциясына чыгуу ниетин билдиришти. Бул тууралуу алар бүгүн, 5-декабрда өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтышты.

Алар белгилешкендей, мындай акция 9-декабрда өткөрүлөт. Жогорку Кееңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин айтымында, аны М. Горький атындагы сейил багында өткөрүүгө мэриядан уруксат алынган.

-Президент Сооронбай Жээнбековго биздин көптөгөн кайрылууларыбыз жообу жок калууда. Ошондуктан элдин жыйынында биз бийликтегилерден Садыр Жапаровго мунапыс берүү маселесин создуктурбоону талап кылабыз, - деп билдирди Осмоналиев.

Ал ошондой эле Садыр Жапаров дайыма "Кумтөр" маселесин көтөрүп келгендиктен, мурдагы бийликтегилер аны "четтетип" салышкандыгын эске салды.

-Садыр Жапаровдун өлкө тагдырына кайгырып жатканын билип туруп, эмнеге мунапыс тууралуу маселеси узакка созулууда? Ошол эле убакта мунапыс боюнча кандай адамдар эркиндикке чыгып жатканын көрүп жатабыз. Бирок мекенчил инсанды чыгарбай жатышат, - деп суроо салды ал.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Бирок, ырайым кылуу боюнча комиссия анын кайрылуусун ЖАМКка кээ бир документтердин жетишсиздигинен улам кайра жолдошкон.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы "Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде 2017-жылдын 25-мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД