Кыргызстандын волейбол боюнча "Спартак" командасы башкаларга үлгү болууда

Бишкектин "Спартак" ардагерлер командасы Талды-Курган шаарында өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеште бешинчи орунду ээлеп кайтышты. Ошого карабастан ардагерлер бул жетишилген ийгиликке ыраазы болушууда.

-Бул турнирге өтө күчтүү даярданган, бизден бойлору узун жана жаш атаандаштар келишиптир, - деп VB.KG редакциясына команданын машыктыруучусу жана капитаны Николай Фаустов билдирди.

Жети-Суу Кубогу үчүн (турнир ушундай аталат) Монголия, Өзбекстан, Казакстандын үч облусунан, Татарстан, Оренбург, Бурятия жана Тува (баардыгы Россиядан) командалары ат салышты. Бишкектин "Спартак" командасы үч оюнду жеңип, калгандарын уттуруп койду. Ошондой болсо да биздин команданын оюнчусу Бексултан Касиев "Эң баалуу оюнчу" сыйлыгына татыктуу болду.

Кыргызстанда волейбол оюну совет мезгили учурунда деле алдыңкы спорт түрлөрүнүн катарына кирчү эмес. Биздин эркектер жана аялдар командалары СССРдин биринчилигиндеги жогорку лигасында эч бир ойношкон жок, биринчи лиганын ортоңку бөлүгүндөгү орундар үчүн эле ойноп жүрчү. Анткени жакшы ойноп баштаган күчтүү оюнчулардын баары Казакстан менен Россиянын командаларына кетип калышчу.

Ошондой болгону менен Кыргызстанда волейбол оюнун жакшы көргөндөр, 80-жылдары кыргызстандык ардагерлердин "Спартак" командасын түзүп алышты. Анын биринчи жетекчилеринин бири, 60-жылдардагы белгилүү волейболчу Евгений Еременко болгон. Анын "балдары" Советтер Союзундагы баардык ардагерлер турнирлерине катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келишкен.

90-жылдардын башында Еременко Россияга көчүп кетип, команданы башкарууну Кожомкул атындагы сорт сарайынын директорунун орун басары, мурдагы спортчу Николай Фаустов колуна алган. Анын жетекчилиги астында командага экинчи дем берилип, Байконур, Германия, Россия, Өзбекстандагы мелдештерге катышып турду.

Албетте ардагерлер волейбол аянтчасына дайым эле утушка ээ болуш үчүн чыгышпайт. Алар үчүн эң башкысы өз ден соолуктарын чыңап жана башкалар менен байланыш түзүү болуп саналат.

Бишкектин "Спартак" командасы Кыргызстандын аймагында волейбол оюнун жайылтууда чоң үлгү болуп калды. Биздин өлкөнүн волейбол Федерациясынан билдиришкендей, азыр республиканын ар бир облусунда бир нече ардагерлер клубдары уюштурулган. Мына ушундай жол менен спортко жана активдүү жашоого үч миңден ашык адам тартылган, алардын көпчүлүгүнүн жашы 50дөн ашып калды. Фаустов жана анын достору мындай көрүнүштү өздөрүнүн "Спартак" командасынын жетишкендиги катары санашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД