Пара менен кармалган милиция кызматкери тергөө абагына киргизилди

Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Бишкекте пара алып жаткан жеринде кармалган ШИИББнын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай баш коргоо чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту тандады. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эске салсак, Бишкек шаардык ЭКККББна О.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, шаардын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери, ушул бөлүмдүн башчысы К.М. жана тергөөчү Р.И. мурда болгон жол кырсыгы боюнча маселени оң жагына чечип берем деп, жарандан 1 миң доллар пара талап кылып жаткандыгын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД