Президент уран казууга каршы мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков "Уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салуу жөнүндөгү" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 31-октябрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо укуктарын, радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам менен Кыргызстандын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) уран, торий кендерин чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга.

2) уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга).

3) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД