Кыргызстандыктар январдын башында 7 күн эс алышат

Кыргызстандыктар Жаңы жылда 1-7-январь күндөрү эс алышат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы эс алуу жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында "2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" өкмөттүн токтомуна кол койду.

Мындан тышкары, 2020-жылы кыргызстандыктар май айындагы Майрам учурунда 1-5-май күндөрү эс алышат.

Токтом боюнча, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен 24-февраль дагы эс алуу күнү болот. Бул күн 2-январдагы жумуш күнүнө которулат;

- 8-март - Айымдардын эл аралык күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен, 9-марттагы эс алуу күнү 3-январдагы жумуш күнүнө которулат;

- 21-март - Нооруз майрамы ишембиге туш келип, 23-марттагы эс алуу күнү 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылат;

- 9-май - Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү ишембиге туш келип, 11-майдагы эс алуу күнү 4-майга жылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД