Кытайдын жараны автоунаага жашынып Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган

Кытайдын жараны (аял киши) жүк ташуучу автоунаага жашынып Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлкеттик чек ара кызматынан билдиришти.

2019-жылы 12-декабрда саат 11:16да "Торугарт" көзөмөлдөп өткөрүү жайына, Кытайдан кыргызстандык айдоочу Т. уулу Анын башкаруусунда жүк ташуучу "Рено" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы товар тартып келген.

Товарларды бажы көзмөлү текшерүү учурунда, айдоочу автоунаанын кабинасынан аял кишини чыгарып, кампанын иамаратына жашырууга аракет кылган. Кийин белгилүү болгондой, КЭР жараны Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы аныкталган.

КЭРдин бул жараны бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан табылып, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Т. Уулу А. менен бирге Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда жүк ташуучу автоунаа "Торугарт" көзөмөлдөп өткөрүү жайына киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД