Эми Курултай өткөрүлбөй калабы?

17-декабрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Малайзияга жана Бириккен Араб Эмираттарына толук жана ыйгарымдуу элчилик кызматына талапкерлер талкууланат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Тышкы иштер министрлиги мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине сунуштады.

Бириккен Араб Эмираттарына дипломатиялык миссияны ким жетектей тургандыгы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Бекназаров конституциялык реформа жүргүзүүнү талап кылуу менен курултай өткөрүүнү убада кылган. Жакында белгилүү болгондой, Азимбек Бекназаров элдик чогулушту кийинчерээк өткөрүүнү чечиптир.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД