Кыргызстандыктар Россиядагы бокс боюнча турнирде ийгиликке жетишти

Россиянын Белоярское шаарында (Ханты-Манты автономиялык округу – Югра) Социалисттик Эмгектин Баатыры Фарман Салмановду эскерүүгө арналган нефти өлкөлөрүнүн бокс боюнча XVII дүйнөлүк кубогу үчүн турнир аяктады. Бул мелдешке 23 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандан да спортчулар катышты.

Кыргызстандын курамында бул турнирге беш спортчу катышып, анын ичинен эки боксчу Эркин Адылбек жана Азат Үсөналиев эки күн ичинде жарым финалга чыгышты. Андан кийин шаардын спорт сарайында 12 финалдык беттешүү өткөрүлүп, Россия, Тажикстан, Греция, Кыргызстан, Эквадор, Өзбекстан жана Мароккодон 24 спортчу турнирде жеңишке жетишүү үчүн ат салышты.

52 кг салмактагы беттешүүдө жарым финалда россиялык спортчу Расул Джааевди жана финалдык беттешүүдө Эквадордун спортчусу Луис Дельгадону жеңип алган кыргызстандык Азат Үсөналиев турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Азат Үсөналиев 1991-жылы Токмок шаарында туулган. КГУСТАны бүтүрүп, студенттик жылдарынан бери Кыргызстандын курама командасында машыгып келет. Ал ар кандай эл аралык турнирлерде жеңишке жетишип, өз салмагы боюнча Россияда мыкты спортчу аталган.

Бул турнирдин жыйынтыгында жалпы командалык зачет боюнча башкы кубокту кайрадан Россиянын курама командасы жеңип алды. Экинчи орунга Өзбекстандын курама командасы, ал эми Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунга татыктуу болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД