Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

Баткен облусунун Көк-Таш айылы аркылуу өткөн кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Баткен облусунун ИИБнан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең мененки саат 9.00. чамасында Көк-Таш айылында болуп, Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосундагы кайым айтыш жаңжалга айланып, жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышкан.

Азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чыр чыккан жерде жолугушуу өткөрүп жатат. Чек арадагы абал туруктуу, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чек арага чектеш райондордогу кыргызстандык жана тажикстандык тургундарынын ортосундагы пикир келишпестиктер ушул жуманын башында жаралган. Кече күнү, 17-декабрда Тажикстандын жарандары Баткен районунун тургунун сабап салышкан. Жабырлануучу Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД