Матраимов: Эми шаардын үстүндөгү кара түтүнгө да бизди күнөөлөп чыгышат

Депутат Искендер Матраимов Бишкекте өткөрүлгөн сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы Reакция 2.0 митинги боюнча оюн билдирди. Бул тууралуу пикирин ал соцтармактагы өз баракчасына жазган.

Анын айтымында, Кыргызстанда айрым журналисттер этиканы бузуу менен, иниси Райымбек Матраимовду жамандап жатышат.

-Бүгүнкү иш чара менин үй бүлөмө каршы багытталып жатканын көрүп туруп унчукпай коё албадым. Биздин мамлекетте сөз экркиндигине өтө эле көп укук берилген. Тилекке каршы, ушул укуктарды колдонуп бизди каралоо менен алектенген күчтөр бар. Айрым журналисттер этиканы бузуп, маселени калыс карабай жатышат. Мындан тышкары алар митингдерде өздөрүнүн идеяларын айтуу менен, кыргыз журналистикасынын кадырын кетирүүдө. Бул адамдар менин иним Райымбек Матраимовду каралап жатышкандыктан, эл буларга ишенип алууда. Бул журналисттер өз иликтөөлөрүн бажы кызматынын ишин жакшы түшүнбөй туруп, издөөдө жүргөн адамдын сөздөрүнө басым жасашкан. Азыркы убакта "Азаттыктын" материалдары боюнча иликтөө жүрүүдө, бирок, анын жыйынтыктарын күтпөстөн айрым саясый күчтөр менин инимдин карикатурасын колдонушуп митингдерди уюштуруп жатышат. Баардыгын бизге шылташууда, эми шаардын үстүндө пайда болгон кара түтүнгө да бизди күнөөлөп чыгышат. Жакында биздин дарегибизге карата айтылган айыптоолор негизсиз болуп жаткандыгын далилдеп беребиз, - деп жазган депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД