Россиядан Кыргызстанга акча которууда чектөө көлөмү 150 миң рублга көбөйдү

Россиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миңден 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган маселе кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.

"Юнистрим" төлөм системасынын бул маселедеги ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга акча каражаттарын трансчек аралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Эми каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублди түзөт.

Белгилей кетсек, 150 миң рублден ашык сумманы мурдагыдай эле банктар аралык система боюнча которууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД