Революциянын бульдозери башка жакты көздөй бурулду

Азимбек Бекназаровдун карьерасында укмуштуудай бурулуш жасалды. Эми саясатчынын Кыргызстандын Малайзиядагы дипломатиялык миссиясын башкаруусуна бир кадамды таштоосу гана калды окшоду.

Эки жүз сөз жетиштүү болот!

63 жаштагы Бекназаров өзүн ар кандай ролдордо байкап көрдү. Ал Курманбек Бакиевди бийликтен кулаткан оппозициянын лидерлеринин катарында да жүрдү. Жогорку Кеңеште депутат, башкы прокурор, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп, жеке юридикалык компанияны жетектеп көрдү. Ал эми үсүтүбүздөгү жылдын сентябрь айында, Бекназаров "Жаңы Ордо" гезитине журналист катары жумушка орношуп, өлкөдөгү саясый абалды чагылдырып жана аларга юридикалык баа берет экен деген кабарды да жарыялап жиберишти.

Бирок кийин билингендей, бул анын жөндөмдүүлүгүндөгү акыркы чек эмес экен. Өткөн жуманын шейшемби күнү Жогорку Кеңештин эл аралык, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Малайзиядагы элчилик кызматына талапкерлигин жактырды.

Комитеттин жыйынында анын талапкерлигин кароо прессанын катышуусу жок өткөрүлдү. Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов жыйындын ачык өтүшүн жарыялагыны менен, журналисттерди ал жакка киргизишкен жок.

Бекназаровдун Малайзиядагы дипломатиялык мамилени өнүктүрүү боюнча кандай пландары бар экендигин аныктоо үчүн депутаттар ага кандай суроолорду бергени белгисиз. Катышып отурган 13 депутаттын 12си анын талапкерлигин жактырып, Ирина Карамушкина каршы добуш бергенин билүүгө мүмкүн болду.

Журналисттерге белгилүү болгондой, Карамушкина Бекназаров менен англис тилинде сүйлөшүүгө аракет кылып: "How old are you?" (Сиз канча жаштасыз?) деп суроо берсе, Бекназаров ага кийин жооп бере тургандыгын билдириптир.

Жыйындан кийин Азимбек Бекназаров журналисттер менен маектешүүгө убакыт таап, Малайзия менен дипломатиялык байланышты жакшыртууну пландаштырып жана Кыргызстанга иннвестиция тартууну пландаштырып жаткандыгы тууралуу айткан. Ушуну менен бирге саясатчы бул кызматта тил билүү башкы маселе эмес деген пикирин билдирген.

-Тил билүү маанилүү эмес, кеп өз эне тилиңди жана Кыргызстанды канчалык сүйгөндүгүңдө. Элчиликте иштеш үчүн бир ай ичинде малай тилиндеги 200 сөздү жаттап алыш жетиштүү болот, - деген оюн айткан келечектеги дипломат.

Эми Жогорку Кеңештин комитети Бекназаровдун талапкерлигин жактыргандан кийин, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндө президент указга кол кюушу керек.

Кызматты соодалашып атып алдыбы?

Пресса менен байланышып жатып, Азимбек Бекназаров өзүнүн кызматка дайындалышы боюнча бийлик менен эч кандай соодалашуу жүргүзбөгөндүгүн билдирди. Ошондой болгону менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айында эле ЖМКда анын кызматка дайындалышы боюнча маалымат пайда болгонунда, саясатчы башкача жоромолду айтып, бул кызматты аны "тынчытуу" үчүн сунуш кылып жатышкандыгын ырастаган эле.

-Ооба, президенттин айрым кеңешчилери мени кайсы-бир жакка жөнөтүп жибербесе, тынчыбайт деп айтышы мүмкүн. Мен өзүм да президентке эгер ал мага Кыргызстанда жумуш сунуштагысы келсе, менин кесибимдин эске алынышын айткам. Мага кандай кызмат сунуштай тургандыгы жөнүндө сураган эмесмин, - деп ошол кезде айткан Бекназаров.

Ошол эле октябрь айындагы маалымат жыйынында Азимбек Бекназаров бийлик менен кызматка дайындоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн деталдарын кенен айтып берип, бийлик тарап ага Азербайжан, Турция жана Малайзиядагы элчилик кызматын сунуш кылып жаткандыгын билдирген.

-Ушул жумада президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушам, ошол жерде чечилет... Бийлик партиясына мени алышпайт, ал эми оппозицияда калууга акча каражаты жок, - деп ачыгын айткан Бекназаров.

Ошону менен бирге ал сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса, аянтка чыгып "Жерүй" макулдашуусун кайрадан карап чыгуу талабы менен курултай өткөрө тургандыгын кыйыткан болчу.

Эми Азимбек Бекназаровго толук жана ыйгарымдуу элчи кызматынын кепилдиги берилгендиги айкын болгондон кийин, ал " өзүнүн оппозициялык ишмердигиндеги айрым көндүм адаттарынан арылууга аракет кыла тургандыгын" убада кылып отурат.

Эсиңерден чыкпаса, Азимбек Бекназаровду "март революциясынын бульдозери" деп бекеринен аташпаса керек.

Ал саясат менен активдүү алектешүүнү 1996-жылы, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган кезде баштаган. 2001-жылы президент Аскар Акаевди Кыргызстандын 125 миң гектар жерин Кытайга өткөрүп бергендиги үчүн активдүү сындагандан кийин, 2002-жылы Бекназаровду массалык каршылык көрсөтүү акциясын уюштургандыгы үчүн камакка алышкан. Бекназаровду коргоо үчүн уюштурулган Аксыдагы демонстрацияны таркатуу учурунда, 6 адам окко учуп, 90дон ашык жаран жаракат алган. Анын өзү эч жакка чыкпоого милдеттендирилген, бирок, ага карата козголгон кылмыш ишин жабышкан эмес.

2005-жылы парламентке шайлоолор өткөрүлгөндө, Бекназаров Жогорку Кеңешке өткөн айрым оппозиционерлердин арасында болгон. Бирок, оппозиция шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай, Акаев өлкөдөн качып кеткен. Азимбек Бекназаров республикадагы оппозициялык кыймылды бириктирген элдик биримдиктин Координациялык кеңешинин төрагалыгына шайланган. Мына ошол кезден бери аны "март революциясынын бульдозери" деп атап калышкан.

Бакиев бийликке келгенинде Бекназаровду башкы прокурорлук кызматка дайындаган. Азимбек Анаркулович кызматын Акаевге карата кылмыш ишин козгоп, аны үй бүлөсү менен бирге, мурдагы өкмөттүн аткаминерлерин куугунтуктагандан баштаган. Ал коррупция фактысы боюнча жүздөн ашык кылмыш ишин козгогону менен, алардын эч кимиси түрмөгө отургузулган эмес.

Ошондой болсо да Бекназаровго бийлик менен бир тарапта болуу жакпай, ал бат эле оппозицияга өтүп кеткен. Ушуну менен бирге аны "мыйзамды одоно бузууларга жол бергендиги үчүн" деген формулировка менен отставкага кетиришкен.

Андан кийин 2010-жылдагы революция болуп, ал Убактылуу өкмөттүн вице-премьерлигине дайындалып, сот системасын тазалоого киришүү менен, Конституциялык сотту жоюп салган. Андан кийин парламенттик шайлоолорго катышуу үчүн, өкмөттүн курамынан чыккан.

Бирок, анын партиясы Жогорку Кеңешке өтпөй калып, Бекназаров кайрадан оппозицияга өтүп кетет. 2013-жыл ичинде ал "Кумтөр" макулдашуусун денонсация кылуу маселесин көтөрүп, митинг уюштурууну жана парламентти таркатууну талап кылып келди. Айтмакчы, Бекназаров ошол кезде президенттин аппараты (ал кезде Алмазбек Атамбаев президент болчу) ал унчукпай отуруусу үчүн каалаган кызматты сунуш кылгандыгын да билдирген жайы бар.

Былтыркы жылы Азимбек Бекназаров курултайды уюштуруп жана президент Сооронбай Жээнбековго бир катар талаптарды койгон. Бекназаров башында турган элдик курултайдын мүчөлөрү акыркы жылдары бийликти конституциялык реформаларды жүргүзүүгө чакырып, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп жана кен байлыктарды иштетүү тармагына көзөмөл жүргүзүүнү сунуш кылышууда.

Мындай кызматка дайындалгандардын биринчиси эмес

Элчилик кызматка Кыргызстандагы эки революцияда алдыңкы катарда болуп келген Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин сунуштоо, бир катар талкууларды жаратууда.

Эксперттик коомчулук кадрлык мындай чечимдер ТИМ ишинде жагымсыз пикирди жаратат деп эсептейт. Бийлик мындай саясатчыларды элчилик кызматка дайындап, өлкөдөгү социалдык чыңалууну жумшартууга аракет кылып жаткандыгы түшүнүктүү. Ошондой болгону менен, элчилер – чет жерде өлкөнүн экономикалык жана саясый максаттарына жетүү инструменти болуп саналат. Саясый себеп менен дипломатиялык кызматка дайындалгандар мындай ишти жэтишерлик деңгээлде алып кете албай тургандыгы да анык.

Бекназаровдун дипломатиялык тажрыйбасы кандай экендигин төмөнкү фактылар аркылуу бааласа болот. 2010-жылдагы революциядан кийин "бульдозер" Казакстандын жана президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине басым жасап сүйлөп, "жаңы бийлик орногондон баштап Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга карата ачык жана түз көз карашын билдирген жок. Курманбек Бакиевдин чет жакка чыгып кетүүсүнө жардам берип, ошол боюнча үн катпай отурат".

Бекназаров АКШга да "кыр көрсөткөн". Ал эгер Улуу Британия Максим Бакиевди өткөрүп бербесе, республикадан Транзиттик жүк ташуу борборун чыгарып жибере тургандыгы менен коркутуп, бирок, Штаттар англиялык бийликке кантип таасир тийгизе ала тургандыгын тактаган эмес. Андан кийин КМШ, ШОС жан ОБСЕнин дарегине да ушуга окшогон коркутуп-үркүтүүлөр айтылган. Биринчилерге – түштүктөгү башаламандыктар учурунда жардам берген жоксуңар, ал эми ОБСЕге, тескерисинче, жардам бергенге аракет кылгандыгы үчүн.

Жалпылап айтканда, Бекназаров адептүүлүк жана сыпайылык жагынан жада калса обу жок сүйлөп белгилүү болгон Алмазбек Атамбаевди да артка калтырып салат.

Ошондой болсо да, Бекназаров эл аралык аренада биздин өлкөдөн мындай элчилик кызматка дайындалгандардын биринчиси эмес. Мындай практика мурдагы президенттер тарабынан да колдонулуп келген. Кыргызстанда элчилик кызматка дайындоону бийликке каршы чыккан оппозициялык ишмерлерди "шиберге айдап," алардан "кутулуу" инструменти катары колдонуп келишкен.

Мисалы, Акаев оппозицияда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Мирослав Ниязовду Тажикстанга элчи кылып дайындаган. СССР убагында жана Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин жогорку кызматтарды ээлеп жүргөн Апас Жумагуловду бир нече жылга Россияга элчи кылып жиберген. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустембеков дагы коомчулукка депутат, губернатор жана министр катары белгилүү.

Ошондой эле элчилик кызматка президенттердин тарапташтары да дайындалышкан. 2005-жылы Курманбек Бакиев бийликке келгенден кийин, революцияга эмгеги сиңген бир катар саясатчылар элчилик кызматка дайындалышкан. Мамбетжунус Абылов Турциядагы димиссияны жетектеп, ал эми Акаевге активдүү каршы чыккан "Республика" гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова Кыргызстандын АКШдагы элчилигине жиберилген.

Дагы бир оппозициялык журналист Рина Приживойт Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Словакия жана Чехиядагы элчилик кызматына жана Венадагы эл аралык уюмдарга өкүл болуп дайындалган. Журналисттер союзунун башчысы Кубан Мамбеталиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болгон.

Журналисттерди элчилик кызматка даярдоо көндүмүн Алмазбек Атамбаве да уланткан. "Супер-Инфо" гезитинин мурдагы кожоюну Кылычбек Султанов Малайзиядагы элчилик кызматын аткарса, президенттин мурдагы пресс-катчысы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчилигине дайындалган.

Ал эми башка элчилер жөнүндө сөз кыла турган болсок, Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Абдулатиф Жумабаев Сауд Арабиясы, Египет жана Түштүк Африкада, ырчы Ибрагим Жунусов Турцияда элчилик кызматка дайындалышкан. Азыркы президент учурунда дипломатиялык иш тажрыйбасы жок туруп, капысынан эле Эдил Байсалов Улуу Британия жана Түндүк Ирландияга элчи болуп дайындалып калды.

Эдил Байсалов бир кездерде Улуттук олимпиадалык комитетте, НПО жана швейцариялык компаниялардын биринде иштеген. Апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген. 2012-жылы социалдык өнүктүрүү министринин милдетин убактылуу аткарган. Башка убактыларында коомдук ишмердүүлүк менен алектенген. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликти активдүү сынга алган.

Мындай дайындоолордун жакшы жактары да болушу мүмкүн. Мисалы, алар жөнөкөй жарандарга айрым оппозиционерлердин бийликке каршы болушунун чыныгы себептерин түшүнүүгө жардам беришет. Айрым оппозиционерлер саясый коррурция менен көптөгөн жылдар бою күрөшүп келет, анан ага кандайдыр-бир кызмат берип коюшса эле – бийлик тарапка койгон талабын унутуп салышат. Мындай болгондо саясатчынын кызматка макулдугун берип, элдин ишенимин актабагай калганы анык болот – анткени, өз идеяларын креслого алмаштыргандарга эл ишенбей калат.

Тышкы иштер министрлигинин мындай кадрлык саясатынын башкы минусу – дипломатиялык кызматка тажрыйбасы жокторду дайындоо, жылдан жылга дипмиссиянын ишинин сапатын жоготууда. Кыргызстандын Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги элчилери өлкөгө кандай пайда алып келе алышмак эле? Андан жетишерлик дипломатиялык иштерди күтүп болбойт, өлкөнү шылдың кылганды токтотсоңор боло деп гана айткың келет. Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө чыккан чыр-чатактар ансыз деле жетиштүү.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчилери

Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык мамилелери 1992-жылы башталган, ал эми 1997-жылы ал жакта Кыргызстандын элчилиги ачылган. Бул жылдар ичинде Азиядагы тез өнүгүп келе жаткан бул өлкө менен соода-экономикалык мамилелерди күчөтүү зарылдыгы жөнүндө бир нече жолу айтылган. Бул өлкөгө элчи болуп көпчүлүк учурда саясатчылар дайындалып келген. Биринчи жолу Мамбетжунус Абылов, андан кийин Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, Кылычбек Султанов дайындалышкан. Дипломаттардын арасынан элчилик кызматтын милдетин Жээнбек Кулубаев менен Аскар Бешимов гана аткарыптыр. Жогоруда ысымдары аталган саясатчылардын көпчүлүгү өз мөөнөтүн аягына чейин иштешкен эмес жана өз каалоолору менен кызматын калтырышкан. Акыркы элчи, "Супер-Инфо" гезитинин мурдагы кожоюну Кылычбек Султанов кызматынан 2017-жылы кеткен. Ошол убактан бери элчилик кызматынын орду бош турган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД