Экс-мэрлер соту. Кулматов сот залынан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга кесилди

Бишкектин Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады.

Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, залдан бошотулду.

Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн, 23-декабрда кабыл алды.

Эске салсак, экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго жемкорлук боюнча кылмыш иши козголгон. Аларга "Калыс –Ордо" конушундагы мектепти курууда курулуш иштеринин эсебин жогорулатуу, мындан тышкары Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасындагы жемкорлук жана акча каражатын сарп кылуу боюнча айыптар тагылган. Мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону суранган. Ал эми 4 эпизод боюнча айыпталып жаткан Албек Ибраимовду 20 жылга кесүү сунушталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД