Кубанычбек Кулматов: Мени бошотушат деп күткөн эмесмин

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов өзүнүн сот залынан бошотулушу боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, окуянын ушундай аяктап калаарын күткөн эмес. Ошондой болсо да, мурдагы шаар башчысы аны күнөөлүү деп тапкан соттун чечимине макул эместигин билдирди.

-Биздин эч күнөөбүз жок. Соттун мындай чечими сандырактык болуп саналат, - деп белгиледи ал.

Эске салсак, экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов жемкорлук боюнча кылмыш иши козголгон. Аларга "Калыс –Ордо" конушундагы мектепти курууда курулуш иштеринин эсебин жогорулатуу, мындан тышкары Альбек Ибраимовго "Дастан" ишканасындагы жемкорлук жана акча каражатын сарп кылуу боюнча айыптар тагылган. Мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону суранган. Ал эми 4 эпизод боюнча айыпталып жаткан Албек Ибраимовду 20 жылга кесүү сунушталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД