УКМК Сыргак Кенжебаевдин ишин ИИМге өткөрүп берди

23-декабрда Сыргак Кенжебаевге карата козголгон кылмыш иш ички иштер органдарына жиберүү маселесин кароо максатында Башкы прокуратурага өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 14-декабрда УКМКга Кытайдын М.М. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Сыргак Кенжебаев алдамчылык жол менен андан 350 миң доллар акчасын алганын айткан.

Андан тышкары сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал кытай инвесторунан кошумча 250 миң доллар талап кылганы тууралуу далилдер көрсөтүлгөн.

20-декабрда С. Кенжебаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ири суммадагы акчаны алдап алууга шектелип кармалган. Ал эми 21-декабрда С. Кенжебаевге КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу) боюнча аталган кылмыш тууралуу билдирме берилген.

Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, №1 убактылуу кармоочу жайга кармоо чечимин чыгарган. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында ал 2020-жылдын 20-февралына чейин камакта болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД