С. Жээнбеков: КСДПнын азыркы акыбалы жүрөгүмдү оорутат

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны өтүп жатат.

Сооронбай Жээнбеков журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып,2020-жылдагы парламенттик шайлоолор мыйзам чегинде жана ачык өтүшү үчүн баардык күчүн жумшай тургандыгын билдирди.

-Кийинки жыл абдан саясатташкан жыл болот, айрым саясатчылар упай топтоого аракет кылышат, кимдир-бирөөлөрү ыплас оюндарын баштайт. Бул эмитеден эле байкалууда. Мен дагы өз ишимди бир партиядан баштагам, ушу КСДПнын ысык-суугунда, эң оор мезгилинде башында турган мүчөсүмүн, жетекчилеринин биримин. Бир кездеги ийгиликтүү, күчтүү партиянын азыркы акыбалын көрүп менин дагы ичим күйүп, жүрөгүм ооруп жатат. Президент болгондон кийин бул партиядан мүчөлүгүмдү убактылуу токтоттум. Эмне үчүн дегенде баардык партияларга бирдей шарт түзүшүм керек. - деди ал.

Мындан тышкары ал шайлоодогу босого чеги боюнча суроого токтолуп, бул маселе парламент тарабынан чечилерин белгиледи.

Эске салсак, мурда депутаттар парламенттик шайлоодо босого чегин 9% жогорулатуу демилгесин көтөрүшкөн. Азыр Жогорку Кеңеште шайлоо босого чегин 5% төмөндөтүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД