С. Жээнбеков: Музейде туура эмес окуя болду

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президентСооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны болуп жатат. Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчы журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

С.Жээнбеков Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде "Кормилица" деп аталган эл аралык заманбап искусство көргөзмө Феминалле тууралуу пикирин айтты. Анын айтымында, бул маселе ар кандай талаш-тартыштарды жаратты.

"Туура эмес окуя болду... Аял биринчиден - эне кызыбыз, эжебиз, карындашыбыз, өмүрдүк жарыбыз. Ата-бабаларыбыз аялзатына аяр мамиле кылып келген. Тарыхтагы сүрөттөрдү карасаңар, энелерибиз ак элечек менен шариятка туура келген ыйман менен жүрүшкөн. Аялдарды жылаңачтап коомчулукка чыгарышы кемсинтүү деп ойлом, - деди президент.

-Азыр музейге жаңы директор дайындалганын билем. Ал өз ишин мыкты билген адис жана келечекте музейдин келечеги жакшы болот деп ойлойм, - деди мамалекет башчысы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД