С. Жээнбеков: Матраимовдун образын политтехнологдор түзүштү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйында Бажы кызматындагы коррупция тууралуу суроолорго жооп берди.

-Бажыдагы коорупция боюнча күрөш жүргүзүп жатабыз, аны көрүп жатасыңар. Матраимов 23-ноябрда кетти, мен 24-ноябрда кызматка келдим. Мага чейинки жылдары элибиздин коррупцияны жек көргөнүн билип туруп, коррупционерлердин саясий технологдору Раим Матраимовду коррупциянын символу кылып туруп, мага жабыштыргысы келип жатышат...

Эгемендүүлүк жылдары андай коррупционерлер ондоп эмес, жүздөп чыккан. Бажыда иштеген карапайым бирөөнү көрдүңөрбү? Анын мүлкүн, байлыгын көрсөң, биринен-бири ашат… Коррупцияны баарыбыз жек көрөбүз. Элге жардам бергиле, коррупционерлер биздин арабызда баспай тургандай шарт түзөлү деп кайрылам, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы белгилегендей, бажыдагы коррупцияны азайтуу – мамлекеттин башкы маскаты болуп саналат.

-Мен да муну аягына чыгарганга кызыкдармын. УКМКнын алдында атайын тергөө тобу түзүлдү. Факты боюнча укук коргоо органдары иштеп баштады. Ошону эске алып, Бажы кызматын толук фискалдаштыруу, санариптештирүүгө өткөрүлүп жатат, азыр бир канча пункттар "Түндүк" системасына киргизилди, - деди президент.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД