Бир катар өлкөлөргө элчилер дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, бир катар өлкөлөргө элчилер дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мукашев Данияр Муратбекович Кыргызстандын Сан-Маринодогу атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Данияр Мукашев Кыргыз Республикасынын Швейцария, Италия, Лихтенштейндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын ээлеп келет.

Башка бир жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Ошондой эле Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД