Депутаттар аз жерден мушташып кете жаздады

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда регламентти талкуулоо учурунда, депутаттар борбор калаадагы абанын булганышы боюнча маселесин кароо учурунда талашып-тартыша кетишти.

"Бишкектеги абанын булганышы деңгээлин азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтом долбоорунун демилгечиси, "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Маматалиев маселени талкууга коюну сунуш кылган.

Бирок, депутат Кожобек Рыспаев документ профилдик комитет тарабынан карала электигин, регламентти бузбай маселени күндүн темасынан алып салууну айтты.

Бул талкууга депутат Тазабек Икрамов аралашып, Бишкекте экология көйгөйү биринчи орунда, бул маселени караш керек деген пикирин билдирди. Анын кесиптеши Экмат Байбакпаев тескерисинче, бул маселе комитетте бир нече жолу каралганын айтты.

Жыйынтыгында Икрамов менен Байбакпаевдин талкуусу микрофону жок кайым айтышуу менен уланып, Тазабек Икрамов кесиптешин түртүп жиберди. Алардын ортосуна түшкөн башка депутаттар чатакты токтотуп калышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД