У. Маматаев: Бекназаровсуз деле элдик Курултайды өткөрөбүз

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болуп дайындалышы, Кыргызстандын коомчулугунда ар кандай пикирлерди жаратты. Интернеттин айрым колдонуучулары бийлик акыркы жылы өз талаптарын коюп жүргөн саясатчы менен соодалашууга барды деп эсептешүүдө.

Ошондой болсо да Бекназаров элдик Курултайдын мүчөлөрү менен бирге бийликти конституциялык реформаларды жасоого, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө жана кен байлыктарын иштетүүнү көзөмөлгө алууга чакырган.

Андан тышкары үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Бекназаровго элчилик кызмат сунушталганы жатыптыр деген сөздөр чыгаары менен, ал өзүнүн "принципиалдуулугун" көрсөтүп, бийлик алардын талаптарын аткармайынча эч кандай кызматтык дайындоого макулдугун бербей тургандыгын жалпыга билдирген. Бул убакыт аралыгында кандай өзгөрүүлөр болду жана алар менен бирге бийликке талап коюп жүргөн Азимбек Бекназаровдун кызматка дайындалышы боюнча жаңылык жөнүндө анын тарапташтары кандай ойдо калды? VB.KG редакциясы бул суроону Курултайдын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары жана саясый партиялардын биринин лидери Улукбек Маматаевге узатты.

Анын айтымында, Курултай Бекназаров менен биргеби же жокпу, кандай болсо да, февраль айында өткөрүлөт.

-Биз жакында эле аны менен сүйлөшкөнбүз. Ал Курултай өткөнчө президентти кызматка дайындоо жөнүндө указга кол койбой туруусун өтүнгөнүн айткан. Бирок, президент указга кол койгондон кийин, демек бул саясый чечим болгон. Кандай болсо да, биздин койгон баардык талаптарыбыз, жеке Бекназаровго тиешелүү эмес. Бул көптөгөн адамдардын жалпы эмгеги. Бизди анын Малайзияга элчи болуп кетип жаткандыгы анча деле ойго салбайт. Эгер президент ушундай деп чечсе, мейли ошондой болсун, биздин талаптарыбыз мурдагыдай эле күчүндө кала берет. Аларды бийлик кабыл албаса, анда башка иш, бирок, ошондой болсо да биз бул багытта дагы деле иштей беребиз, - деди Маматаев.

Ушуну менен бирге саясатчы белгилегендей, ал жана анын жолдоштору Бекназаров Кыргызстанда салмактуу саясый фигура болуп саналарын, ошондуктан ансыз кыйын болорун түшүнүп турушат.

-Ооба, алгачкы убакта Бекназаровсуз кыйын болот, бирок, биз мындай абалдан чыгуу жолун табабыз деген ойдомун. Табылбай турган адам болбойт, Бекназаровдун саясаттан эс алгысы келгенинин, балким жакшы жагы да бардыр. Ал бул кадамы менен келечектүү жаштарга жол берип жатат, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД