Милиция кызматкерлери тоноочуну бир сааттын ичинде кармашты

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кайыңды айылынын тургуну, пенсионер аял жергиликтүү милиция кызматкерлерине ыкчам жана уюшкандык иши үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрь күнү кечинде Галина Анатольевна 15 жылдан бери күн сайын үйүнө барчу Кара Балта темир жол бекетине бара жаткан. Ал ошол кечте белгисиз бир адам артынан байкап келе жатканын байкап калды. Анан ал адамды кароо үчүн бурула бергенинде, тааныш эмес адам колунан сумкасын жулуп алып, аны башка ургулай баштады. 62 жаштагы пенсионер аял тоноочу менен 15-20 мүнөт алышканы менен, күчү жеткен жок. Тоноочу анын сумкасын тартып алып качып кетти.

Жабыр тарткан улгайган аял жүрөгү оорусу бар болгондуктан, өзүн начар сезе баштады. Аны аймактык ооруканага алып келишкенден кийин, ал укук коргоо органдарына кайрылды.

Бул факт КР Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталды. Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тезинен тоноочуну издөө ишине киришип, бир сааттын ичинде аны кармашты. Анын өздүгүн аныктай келгенде, Ош облусунун 33 жаштагы К.У. аттуу тургуну болуп чыкты.

Кубанычын жашыра албаган пенсионер аял Жайыл районунун ИИБ кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип жана бул окуяны коомчулукка айтып берүүнү чечти.

-Жайыл районунун ИИБ жигиттери, силер азаматсыңар! Ыкчам жана уюшкандык менен жүргүзгөн ишиңер үчүн, силерге чоң рахматымды айтам!, - деп милиция кызматерлерине ыраазычылыгын билдирди Галина Анатольевна.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД