Кыргызстанда Конституцияны "тымызын"өзгөрткөн жатышабы?

Депутат Дастан Бекешев 2020-жылы Кыргызстанда кайрадан Конституцияга өзгөртүү киргизүү же Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоолорду дайындоо боюнча референдумду "тымызын" өткөрүүгө аракет кылып жатышат деп тынчсызданууда. Буга Жогорку Кеңеште элдик демилгени колдоого кол топтоо, коюлган колдорду текшерүү, кол коюлчу барактардын даярдалышы боюнча жумушчу тобунун түзүлүшүн талкуулоо себеп болгон.

Жашырылган мыйзам долбоору

-Элдин баары Жаңы жылга даярданып жаткан маалда, биздин парламентте кызыктуу иштер жүрүп жатат. Жаңы эле парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин токтому өттү, Бизге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыялоо жөнүндө мыйзам долбоору түшкөн имиш. Бирок, азыркы мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткандыгы белгисиз. Мына ушунун өзү мени тынчсыздандырууда, - деди Дастан Бекешев.

Бекешев анын кесиптештеринен дээрлик эч ким бул эмне болгон документ экенин билишпей тургандыгын белгилеген.

-Комитеттин чечимине бул мыйзам долбоорунун тексти тиркелиши керек эле, анткени, биз бул мыйзам долбоору же кайрылуу экендигин түшүнбөй жатабыз. Бирок бул документтер жок. Мен бул демилгенин текстин бергиле десем, "жок, биз кол коюларды гана текшеребиз" дешти. "Анда эмне үчүн кол коюш керек? Эмне үчүн баары жашыруун жана тымызын өткөрүлүп жатат? – деп суроо салды Дастан Бекешев.

Анын кесиптеши Айнуру Алтыбаева белгилегендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш, өкмөт жана 10 миң кол топтогон жарандар демилгелейт.

-Биз сөз кылып жаткан демилгенин азырынча мыйзамдык укугу жок, анткени, чынында эле кол топтолгонун биз билбейбиз. Балким анда 9 миң 900 добуш берилгендир, бул адамдар жасалма кол коюп коюшу да мүмкүн. Биз мына ушуну аныктагыбыз келет, эгер алар анык жана мыйзамдуу болсо, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшөт, - деп жооп берди Айнуру Алтыбаева.

Жыйынтыгында депутаттар коюлган колдордун аныктыгын текшерүүчү комиссиянын түзүлүшүнө добуш беришти. Бирок, мындай көрүнүш баары бир Дастан Бекешевду тынчсыздандырууда, ошондуктан ал мындай пикирин соцтармактардагы өз баракчасына жарыялаган.

-Бул документ эмне жөнүндө экендигин эч ким билбейт. Ошондуктан мен 2020-жылы биздин парламенттин мөөнөтсүз таркатылышы же Конституцияны өзгөртүү күтөт деп божомолдоп жатам, - деген пикирин жазган эл өкүлү. - Кандай өзгөрүүлөр болот - биз так билбейбиз, бирок, жакында баары анык болот. Бул тымызын жана Жаңы жылдын алдында жасалып жатканы өкүндүрөт, - деди депутат.

Иштин чоо-жайы эмнеде?

Кол топтоону жыйнаган демилгечи топтун жетекчиси Айбек Мырза VB.KG редакциясына берген түшүндүрмөсүндө, Дастан Бекешев туура эмес маалымат берип жатат, анткени, бул мыйзам долбоору жашыруун эмес жана Адилет министрлигинин сайтында ачык берилгендигин айтты.

-Эгемендүүлүк жылдары аралыгында кыргызстандыктардан бир да жолу: алардын кандай жашагысы келип жаткандыктарын сурашкан эмес. Президенттер ар дайым Конституцияга өздөрү каалагандай өзгөртүүлөрдү киргизип келишкен. Биз референдум өткөрүп, жарандарга үч суроого жооп алууну сунуш кылуудабыз. Тактап айтканда, биз Конституцияга өзгөртүү киргизип, алар кандай жашоону каалагандыгын сурайлы деп жатабыз, - дейт Айбек Мырза.

Демилгечи топ референдумга үч суроону алып чыгууну сунуш кылууда. Биринчиси: Элдик курултайды жыл сайын өткөрүү. Экинчиси: Башкаруунун – президенттик же парламенттик формасын тандоо. Үчүнчүсү шайлоо системасы жөнүндө: Мажоритардык, пропроционалдык же аралаш.

-Чынын айтканда эмне үчүн депутаттар пленардык жыйынга кол коюну текшерүүнү алып чыгып жатышканын түшүнбөйм. Алар өздөрү мыйзамды жакшы билише тургандыгы шек туудурууда. Мыйзамда элдин демилгеси келип түшкөндөн кийин, бир ай аралыгында тыянак берилиши керек деп жазылган. Биздин мыйзам долбоорубуз 29-июнда берилген, тактап айтканда андан бери жарым жыл өттү, булар болсо ушул убакка чейин колдун коюлушун текшербей, эмне үчүндүр сессияда талкуулашууда, - деп кошумчалады демилгечи топтун жетекчиси.

Белгилей кетсек, бул элдик демилгени уюштуруучулардын бири – мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров болуп саналат. Бүгүн президент аны Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына дайындоо боюнча указына кол койду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД