БШК Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ишмердүүлүгүн расмий түрдө токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укугун расмий түрдө токтотту. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

БШК маалыматы боюнча, мындай чечим Шыкмаматовдун арызынын негизинде кабыл алынды.

-"Ата Мекен" партиясынын лидери Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу тууралуу арызынын негизинде, КР Конституциясынын 65-беренесине, "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине жана "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" КР мызамынын 2-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту, - деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД