Бишкекте социалдык-экологиялык теңсиздик жаралды. Аны жоюу жолдору барбы?

Биз жашап жаткан шаарда канча сейил-бактар, жашыл аянтчалар болушу керек? Алар кайда жана кантип жайгашышы керек, шаарыбызга кандай бак-дарактар керек? Бул суроолорго жооп издеп, "Арча" демилгеси коомдук фонду Бишкектеги социалдык-экологиялык теңсиздик боюнча изилдөө жүргүзгөн.

Кундуз Адылбекова, "Арча" демилгеси коомдук фондунун программалык менеджери: Эгерде биз жаратылышты да, адамдардын да ден-соолугун сактап калгыбыз келсе, сейил бактарда сейилдөө адамдардын жашоосунун бир бөлүгү болуп калышы керек. Айрым адамдар сейил бактардан 500 метр узактыкта жашайт. Бул экологиялык теңсиздикти жаратат. Бүгүн, биринчи кезекте, жаңы бактарды өстүрүү үчүн канча жыл талап кылынарын, канча суу керектигин карап чыгып, бош жаткан аймактарды таап, ар бир жаңы конуштарда жашылдандыруу иштерин баштап, бул маселеге олуттуу караш керек.

Жаш экологдор Кундуз Адылбекова, Адилет Талантбек уулу жана Айбек Мукаев шаар тургундарын ашар жолу менен жашаган аймактарды жашылдандыруу иштерине чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД