Кыргыз өкмөтү шайлоо алдында Бириккен улуттар уюмунан жардам күтөт

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул жөнүндө өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда биздин өкмөт БУУ тутумунун бардык институттары менен өнөктөштүктүн бекемделишине ишенээрин билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийликтин бардык институттарынын ишинде сиздин колдооңузга ишеним билдиребиз. Биз ошондой эле бардык өнөктөштөр менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн биргелешкен долборун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз. Мындан тышкары, эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгү кыргыз өкмөтүнүн айрым програмаларын ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды ишке киргизүүгө өбөлгө түзүп бере алат. Алсак, ишкерлик тармакты колдоого алуу, мамлекеттик түзүмдөрдү реформалоо, өлкөнү өнүктүрүү боюнча көмөк бере алат", - деп белгиледи А. Новиков.

КРдагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташтык үчүн ыразычылык билдирип, уюм республика менен өнөктөштүккө жогору баа берээрин белгиледи.

Жолугушууда COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү жана мындан аркы кызматташуу боюнча маселелер талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД