С.Жапаров 1-турда 40-50 пайыздык добуш алуусу күтүлөт, бирок...

Президенттик шайлоого катышкандардын басымдуу көпчүлүгү реалдуу эмес, санды көбөйткөн "эл дарбыса..." дегендей номиналдуу эле талапкерлер. Ачык интернет-булактардан алынган маалыматтарга таянып, айрым талдоочулардын баамын эске алуу менен, төмөнкү прогноздорду назарыңызга салабыз.

Каныбек Иманалиев таанымал саясатчы, чечен, бирок ушул убакка чейин уюштуруучулугу жагынан көрүнө элек, жер-жерлер менен мурдатан калыптанган байланышы жокко эсе. Ал Кеминден, Бишкектен, Чүйдөн, Таластан азыраак добуш алат. Башка жактардан сезилерлик колдоочулар болбогондуктан 3-4 пайыздын тегерегиндеги добуш менен чектелет.

Абдиль Сегизбаев саясатчы катары эми гана таанылууда, ага Арашандыктардын бир бөлүгү, Бишкек, Чүйдөгү жакын тааныштары, ишенимдүү өкүл болуп иштегендери жакындары менен добуш бериши мүмкүн. Башка аймактарда эске аларлык ишенимдүү электораты жок. Добушу 0,70-1,5 пайыздын тегерегинен ашпайт.

Равшан Жээнбековдун чечендиги, азыраак харизмасы да бар. Бирок, алардын баарын 2000-2002-жылдары Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турганда "прихватташтыргандары" жууп салган. Ал канчалык адалсынып, адилеттикти эңсеп сүйлөгөн менен эч кимди ынандыра албайт. Анын үстүнө теги казак дешип өзүнүн жердештери таластыктар деле колдошпойт. Башка жактагылар ар кимдерге кошулуп жүргөнүн гана билишет, өз алдынча саясатчы катары кабылдашпайт. Мүмкүнчүлүгү 1-1,5 пайыздан ашпайт.

Буларга салыштырганда Улукбек Кочкоровдун аймактардын тургундары менен мурдатан байланышы, команда түзүп иштөө боюнча жөндөмү, тажрыйбасы бар. Бирок, анын чеги деле 4-5 пайыздан ашпайт. Курсан Асановдун мурда бирге иштегендеринин, А.Атамбаевдин жактоочуларынын бир бөлүгүнүн, жердештеринин гана добушун алышы күтүлөт. Максималдуу мүмкүнчүлүгү 2-3 пайыз.

Азыркы шайлоодо үч талапкердин же Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Канат Исаевдин гана мүмкүнчүлүктөрү жогору. Бирок, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланбаса, алар да мүмкүн болбогондорго айланат, чындап аракеттенсе, мүмкүн болбогондор да мүмкүнчүлүккө айланат деген жакшы сөздөрдү унутпоо керек.

Ушулардын артыкчылыктары, кемчиликтери, реалдуу шанстары жөнүндө гана кеңири божомолубузду айткыбыз келет.

Элдик толкундун аркасы менен келгендин демине кошо тийиштүү деңгээлде ишеним кредити да болот. Садыр Жапаровдун азырынча аздыр-көптүр ишеним кредити бар, барган жерлеринин бардыгында көп адамдар тосуп алышып, аны колдошорун, ага ишенишерин билдиришүүдө. Бирок, андай убадаларга өтө ишене бергенге да болбойт. Жакшы каалоо-тилектер, мүмкүн, чын ниеттен айтылгандыр, арасында жөн эле сыпайыгерчилик үчүн айтылгандары да аз эмес. Азыр элдин, өзгөчө түштүктөгүлөрдүн көпчүлүгү "дипломат" болуп алышкан. Баргандарды жакшылап кабыл алып, баталарын берип, жөнөтүп коюшат да анан өз билгендерин жасай беришет. Элге ишенген - кумдан курулган сепилге ишенгенге барабар деп бекер айтылбаган. Бардык жакшы нерселер менен кошо бардык жаман нерселердин таянчы да эл болуп саналат. Анын үстүнө эл шайлоо сайын акча таркатканга көнүп алгандыктан ким акча берсе, ошого ооп кетүү адатка айланган.

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн, Жалал-Абаддын айрым аймагынан көпчүлүк добуш алат, бирок Бишкектен, Баткенден, Оштон, Чүйдөн, Жалал-Абаддын көпчүлүк райондорунан андай добуш алуусу кыйын. Шайлоо климаттык жактан эң ыңгайсыз мезгилге туш келди, миңдеген адамдардын үгүт ишинде аткаргандарын, элдин талапкерге карата жакшы сезимдерин энергетика тармагындагы бир чоң авария деле жокко чыгарып салышы же 10-январда катуу суук болсо, элдин бир бөлүгү шайлоого барбай коюшу да мүмкүн. №2-форма жоюлгандан кийин (ага адаттан тышкаркы суук же башка жагдай кошумча болсо) шайлоочулардын жарымынан көбүн урналарга келтирүү өзүнчө маселеге айланат. Бийликке нааразылар да күн санап көбөйө берет, УКМКнын коррупционерлерге каршы аёосуз күрөшү, кадрдык башаламандыктар сөзсүз алардын көпчүлүгүн активдештирет. Эгерде таасирдүү нааразылар биригишип, өз ара бир тилге келишсе, президенттик шайлоо биринчи турда бүтпөй калуусу да ыктымал. Анда экинчи турда С.Жапаровдун шансы кескин начарлай түшөт. Мындай учурда биринчи турда ынанымдуу жеңишке жете албаган бийликчил талапкердин саясый, моралдык аброй бедели төмөндөп, негизги атаандаштыкы жогорулап кетет. Ошон үчүн ал бардык ресурстарын биринчи турда жеңишке жеткенге жумшоосу керек.

Адахан Мадумаровдун кайсыл учурда болбосун 15-20 пайыздык туруктуу электораты бар. Анын позициясы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көп жеринде күчтүү. Аны колдоочулар Таласта, Чүйдө, Бишкекте, Нарында да аз эмес. Эгерде административдик ресурс, акча колдонулбай турган болсо, анын шансы дагы жогорулайт. Ал мурдатан 100 адам менен жолугушса, алардын 15-20сын чечендиги аркылуу өзүнө тарапташ кылып алганга жөндөмдүү адам. Эгерде ал өзүнүн эл менен жолугушууларында "мени оштуксуң деп Ысык-Көлдө үгүт иштерин жүргүздүрбөй коюшту" дегенге, анан азыркы бийликтегилердин кемчиликтерине басым жасай берсе, андай сөздөрдү башка талапкерлер да айтышса, шансы дагы артат. Ал 10-январда 25-30 пайыздын тегерегиндеги добуштарды алганга мүмкүнчүлүгү жетишет. Анын бир гана кемчилиги; кежирлигинен, өзүнүкүн гана туура деп эсептеп, башка өнөктөштөрүнүн пикирлери менен эсептешпегенден улам туруктуу команда түзө албай келатат.

Шайлоочуларда жердештик, кландык сезим күчөп кетсе, ал Садыр Жапаровго гана кедергисин тийгизет. Ысык-Көлдүк айрым бейбаштардын башка атаандаштарга бут тосуп, опузалоосу (эгерде А.Мадумаров айткандар чын болсо), Садыр Жапаровго "аюунун кызматындай" (медвежья услуга) болуп калышы толук мүмкүн. Тескерисинче, алар башка атаандаштарга да бирдей урмат-сый көрсөтүшсө, ал Садыр Жапаровдун шансын гана жогорулатат. Садыр Жапаровдун имиджи элди аймактарга бөлбөгөн, баарына тең караган айкөл катары бекемделсе гана ал утушка жетишет. Ал биринчи турда жеңишке жетишем десе, досу К.Ташиевден 10-январга чейин аймактарда таасирлери абдан күркүлдөргө (мас. Матраимовдор, Салымбековдор ж.б.) ашкере тийишпей турушун суранышы керек. Алардын ар биринин 40-70 миңден добуштарды өздөрү каалагандарга оңой эле оодуруп жибергенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондуктан мында "эшек ылайдан өткөнчө..." деген принцип сакталышы керек эле, бирок ал сакталбады. Эгерде шайлоо таза, калыс өтсө, С.Жапаров 1-турда 40-50 пайыздык добуш алуусу күтүлөт. Мында жыйынтыктары жокко чыгарылган өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил партиялар добуштарды нак акчаларга сатып алышкандыгын көңүлдөн чыгарбоо керек. Административдик ресурстар иштебесе, акча да таркатылбаса, анда тилдери сайраган жылаңач баатырлардын гана күндөрү тууйт.

"Кыргызстан" партиясы өткөн парламенттик шайлоодо бийликчилдерге кошулуп, фиаского учурап, таасирлүүлөрү фавориттерге кача баштагандан кийин анын лидери Канат Исаевдин таасири, мүмкүнчүлүгү да кескин азайды. Ал Чүйдөн, Бишкектен 8-12 пайыздай добуш алган менен калган аймактарда андай колдоого ээ болуусу кыйын. Ал аймактагыларга А.Мадумаровдой же С.Жапаров менен К.Ташиевдей кеңири белгилүү саясатчы эмес. Аны шайлоочулардын көпчүлүгү жалпы элдик эмес, аймактык саясатчы катары кабылдашат. Анын үстүнө ал башка негизги атаандаштарындай харизмалык сапаты, чечендиги жагынан да өзгөчөлөнө албайт.

Мында сырткы факторлордун таасирлерин да көңүлдөн чыгарбоо зарыл. Биздин алыскы, жакынкы өнөктөштөрүбүз Кыргызстандагы шайлоого таптакыр кийлигишпей, калыс байкоочу катары тура беришет деген ой туура эмес. Алардын тийиштүү кызматтары мурда эле президенттикке талапкерлерден өздөрүнө кимдер ыңгайлуу экендигин чоттоп, саясий жетекчилери менен макулдашып да коюшкан. Атайын кызмат атпайлар андан башка эмне иш кылышат? Алар бир формада, т.а. каржылык, виртуалдык жолдор менен өздөрү тандагандарды сүрөшү толук мүмкүн. Маселен, АКШнын атайын кызматтары Россия АКШдагы 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген версияны биротоло четке кагыша элек. Эгерде Россия АКШдагы шайлоонун жыйынтыктарына таасир көрсөтө алса, ал сателиттери менен биргеликте биздеги шайлоого бир формада кийлигишпейт деп эч ким кесе айта албайт. Ал бир талапкерди тандап, ал аркылуу өзүнүн саясий технологдорунун, же шайлоого байланышкан инновациялык бир ыкмасын сынап көрүшү толук мүмкүн. Анын үстүнө биз Россияга стратегиялык өнөктөштөрдөн, бир нече эл аралык уюмдар боюнча жакын шериктештерденбиз. Эгерде андай тымызын күчтөр кыймылга келтирилсе, күтүлбөгөн жыйынтыктар да болуп кетиши ыктымал. Бирок, баары бир негизги атаандашык жогоруда айтылган үчөөсүнүн ортосунда гана болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД