Камит Савай: Президенттердин "кошелектору" Кара-Суудан чыгат

Бир нече жылдан бери АКШда үй-бүлөсү менен жашаган мекендешибиз, карасуулук Камит Савай бир кездерде Политехникалык институтта экс-президент Аскар Акаев менен бир кафедрада иштеген. Ал кесиби боюнча инженер, техника илимдеринин кандидаты.

Ал жакында "Берекелүү Кара-Суум" деген рубрикада ютуб-каналда жана Фейсбукта пост жазган:

-Кара-Суу Кыргызстандын эң көп эл жашаган району, 420 миң эл жашайт, бул деген Нарын, Талас облустарынын калкынан да көп, Баткен облусу менен тең келет

-Кыргызстандагы эң көп улуттуу райондордун бири, ким гана жок, Африкалыктардан башкасы бардыгы бар

-Кара-Суу базары Борбордук Азиядагы эң чоң базарлардын бири, контейнерлери кымбат, 40 миңдей соода точкасы бар, эмне издесең табасын, бир күндө айланып бүтө албайсың

-"Жамбаштан чыккан машина главный" деген жаңы жол эрежеси Кара-Сууда чыккан

-Кара-Суунун "Тикосунун" жүк көтөргөнүн көрсө, кореецтер таң калышмак, ыйлашмак, "грузовой Тико" чыгарган турбайбызбы", деп

-Борбордук Азиядагы эң арзан товарлар Кара-Сууда болот

-Өзү Кара-Суу базары базар экономикасына СССР убагында эле биринчилерден болуп өтүп алган болчу

-Жомоктогудай "замок" үй Кыргызстанда биринчи жолу шаар ичинде Кара-Сууда салынган

-Кара-Сууда Кыргызстанда биринчи болуп "чычкан самса" жасалган

-Кара-Сууда сатуучу сатып алуучуга соодалашып атып айткан баасынан он эсе түшүп да товар саткан учурлар болот. Сатып алуучу "ками барбы"(түшөсүзбү) деп сураса, сатуучу секин башын чайкаса, анда соодалашуу улантылат. Ошого, Кара-Суулук каякта базарга барса, Америкада деле "соодалаша" берет

-Кара-Суулуктар эмгекчил келишет, талаада саратанда да пахтада, тамекиде, шалыда ж.б. иштей беришет

-Кара-Сууда бүт нерсе өсөт, кең Фергана өрөөнүндөгү эң байыркы дыйканчылык өнүккөн жер, кээ бир тарыхый булактар айткандай Кара-Суу балким Оштон да эски шаар

-Кара-Сууда жүгөрүнү эки жолу оруп алышат

- Кара-Сууда "подпольный миллионерлер" көп, эч кимге билгизишпейт, билинип калгандары "миллиардерлер"

-Кара-Суулуктар тез колтукка киришет, Кара-Суулуктардай эч ким калп күлгөндү билишпейт, сөзгө чечен, шайыр келишет. Белгилүү сатирик Р. Разыков Кара-Суулук болот.

-Кара-Суу Ош шаарын койнуна алып, төрт тарабынан курчап турат, ошого Ош эл аралык аэропорту да боорунда

-Кара-Сууда түштүктө бир эле жерде дунгандар жашайт

-Кара-Суулуктар бир кой менен бир айылды тойгузуп койушат

-Кара-Суунун К.Турапов "Апам жапкан нанды сагындым" деп ырдаган керемет Кызыл-Суу, керилген Кожокелен, Кара-Чукур деген укмуш сонун, сулуу жайлоолору да бар

-Папан суу сактагычына, айтылуу Ак-Буурага сууга түшсөң болот

-Шарихан-Сай Өзбекстан менен чек ара болуп турат, анан Барак деген биздин анклав да бар

-Кара-Суу шаарында "пробка" Бишкектен эрте башталган

-Атактуу сүрөтчү Г.Айтиев, залкар комузчу Б.Мадазимов, белгилуу акын Ж.Мамытов, заманбап атагы чыккан жазуучу С. Раев Кара-Суулуктар

-Россияда Кара-Суулуктар көп иштешет, ошого бир айылда "Кузьминки" (Москвадагы метро станциясы) деген жаңы түшкөн эки этаж үйлөрдөн турган килтейген квартал бар

-Кара-Суу шаарынан жанындагы айылдарга тынбай Бишкектегидей маршруткалар каттайт

-Кара-Суу району чоң, эл көп, тоосу да, чөлү да, дыйканчылык өрөөндөрү да көп, уруулар да толтура, ошого элдер арасында бир аз ынтымак жок. Кошуна айылдагылар бири бирин таанышпайт. Эки Кара-Суулук Россияда эки башка мамлекеттен келгендей учурашышат

-Кара-Суулук Т.Эшпаев ырдаган "Керме-Тоонун кыздары" деген ырдай сулуу кыздары көп керемет "Керме-Тоо" ушул жерде

-Ошто "лювой" нерсеге "мода" Кара-Суудан башталат

-Кара-Суу Өзбекстан, Араван, Ноокат, Алай, Өзгөн райондору менен чектешет

-Кара-Суулуктар дарбызды нан менен эле жешет

-Кара-Суулуктар "лювой" тамакты, камыр оокатты да нан менен жешпесе тоюшпайт

-Шакарапты эң ичке туурап, Кара-Суулуктардай эч ким жасай албайт

-Палоону Кара-Суулуктар табактын аягына чейин тазалап баш бармакка койкойтуп алдырышат

-Кара-Сууда Ташировдо дунгандар жасагандай лагман эч жерде жок

-Башкалар миң кыйкырса деле Кара-Суу кимди шайласа, ошол эле Президент болот, ошого Кара-Суу каякка бурулса, мамлекет ошол жакка бурулат

-Президенттердин "кошелектору" Кара-Суудан чыгат

-Илгери "Алайкуу" болк этсе, Москва солк этет деген сөз бар эле, азыр Кара-Суу болк этсе, мамлекет инфаркт болот, дейт Савай.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД