Алгачкы Алиппенин автору Ишеналы Арабаев тууралуу архивдик табылгалар

Алгачкы Алиппенин автору, агартуучу Ишеналы Арабаев тууралуу Алматынын архивинен айрым маалыматтар табылган. Бул жөнүндө кыргыздын белгилүү тарыхчысы, публицист, журналист Кыяс Молдокасымов VB.KGге билдирип, ошол документтер менен бөлүштү.

Молдокасымов Арабаевдин агартуучулук ишине байланыштуу Жумгал жана Тоң болуштарынан документтерин кездештирген.

"1909-жылы май айында Пишпек уездинин 3 болушунун башчылары: Жумгал болушу Бегимбай Тыналин, Каракече болушу Өмүралы Кокутаев, Сусамыр болушу Тезекбай Назарматовдор өз-өзүнчө Ишеналы Арабаевге мугалим болгонун тастыктаган күбөлүк беришкен. Ошол эле учурда 3 болуштун шайлоочу-элүү башчылары болуштун катышуусунда ар бири Бриговор чыгарып Жумгалда 1899-жылдан орус-тузем мектеби болуп ачылып, бирок кийин жабылып калган мектепти мусулмандар медресеси кылып кайра ачууга, ага эң билимдүү Ишеналы Арабаевди мугалим кылып берүүсүн өтүнүп уезд башчысына кайрылат", - дейт тарыхчы.

Ошондой эле Арабаевге бир жылга 1000 рубль өлчөмүндө маянаны да 3 болуштун эли жыйнап, казначейство аркылуу төлөп турууга макул экенин билдиришкен. Бул архивдик документте Ишеналы Арабаевдин Жумгал болушунун тургуну экени да көргөзүлгөн.

"Пишпек уездинин башчысы үч болуш элин андай болсо орус тил мугалиминин да бүт шартын түзүп, жылына 400 рубль маянаны да силер көтөргүлө деген сунушун билдирген. Бирок 3 болуштун эли 1910-жылы январда: Сусамыр болушу Асанбек Мурзабеков, Каракече болушу Байсал Уразов, Жумгал болушу Шакир Кокумбаевдин колдору коюлган 3 Бриговорду жазышып, Жумгал орус-тузем мектебин мусулман мектеби кылып ачып, орус тил мугалиминин маянасын казынадан төлөнүшүн талап кылышат", - деп айтып берди Молдокасымов.

Бирок уезд башчысы орус тил мугалимине казынадан каражат каралбаганын шылтоолоп, Жумгалдагы мусулман мектебинин ачылышын колдоого алган эмес.

"Мына ушул окуядан кийин 1910-жылы Ишеналы Арабаев Жумгалды таштап, Оренбургга кеткенин, ал жакта медреседе бир жыл билимин дагы өркүндөтүп, андан ары Уфага барып басма иштери жана Алиппе жазуу менен алек болгонун көрөбүз. 1913-жылы кайтып келип Тоңдо мугалимдик иши менен алектенип жүргөндө Тоң болуштугунун эли ага каражат чогултуп берели деген демилгесине Пржевальск уездинин башчысы каршы чыгып, тыюу салат", - деп тарыхчы түшүндүрүп берди.

Бул документ да Алматынын архивинде сакталып турат.

Булардан башка Алматынын архивинен агартуучу Арабаевге байланыштуу көп эле документтерди таап, жыйнап, анын өмүр таржымалын кененирээк изилдөөгө болоорун профессор Молдокасымов белгилей кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД