Атабек Анарбеков: Бишкек мэриясы тезинен 7 милдетти коюп, аткаруусу керек

Акыркы он күндүн ичинде Бишкек шаары боюнча коронавирус дартын жугузган учурлардын жана каза тапкандардын саны өскөнү байкалууда. Бул кырдаалга байланыштуу Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Атабек Анарбеков тез арада чараларды көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.

Анарбеков шашылыш түрдө төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл деп эсептейт:

  1. Бишкекте райондор боюнча COVID-19 дартынын таралуу ыргагын жана божомолун аныктоого;
  2. Жугуу учурларын өз убагында аныктоо үчүн көрүлгөн чаралар жана оорунун эң алагчкы этабында медициналык жардам көрсөтүүгө;
  3. Балдарды, карыяларды жана өнөкөт оорулардан жабыркаган жарандарды КВИден коргоо боюнча кошумча кандай чаралар пландалып жатканына;
  4. Бишкек шаарындагы койка фондуна түшкөн басымды текшерүүгө;
  5. Ишканалар жана уюмдарда, ошондой эле, транспортто беткап тагынуу жана башка эпидемияга каршы чараларды сактоо көзөмөлдөнүп жатабы?;
  6. Бишкек шаарынын дарыканаларында дарылык каражаттардын болушуна жана алардын камдыгына мониторинг жүргүзүлүп жатабы?;
  7. Калк арасында КВИнин алдын алуу жана сактануу, КВИге карата эмдөө жүргүзүү боюнча маалыматтык кампаниялар жүргүзүлүп жатабы?;
  8. Кризистик көрүнүштөрдүн таасирин төмөндөтүү үчүн кандай чаралар каралууда, анын ичинде, буга чейин эле олуттуу жоготууларга туш болгон, мындан ары дагы көбүрөөк жабыр тартышы ыктымал болгон бизнес үчүн карантиндик чаралардын таасирин жумшартуу үчүн үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?

Анын билдирүүсү боюнча, азыркы учурда мэрия алдына 7 негизги артыкчылыктуу милдеттерди жана аларды ишке ашыруунун механизмин коюшу керек. Алар:

  1. Коронавирустук инфекциянын жаңы штаммдарынын Бишкек шаарынын аймагында пайда болушунун алдын алуу.
  2. Бишкек шаарынын аймагында коронавирустук инфекция жуккан учурларды өз убагында аныктоо жана оорунун таралышынын алдын алуу.
  3. Бейтаптарга өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү.
  4. Бизнес үчүн кризистик кырдаалдарды төмөндөтүү.
  5. Коронавирустук инфекциядан сактануу жана таралышынын алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияны күчөтүү.
  6. КВИ очогу табылган жайларга катаал чектөөлөрдү киргизүү, имараттарды, курулмаларды ж.б.у.с. дезинфекциялоо үчүн зарыл болгон мөөнөткө жабууга чейинки чараларды көрүү.
  7. Калктын колдоого муктаж алсыз катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин кароо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД