ЫСЫК-КӨЛ: ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ- ЧАРАЛАРЫ ​ УЛАНУУДА

Жаз мезгилинде турак-жай секторунда өрттүн биринчиден келип чыгуу себеби таштандыларды, кургак чөптөрдү жыйнап, өрттөгөндөн улам катталгандыгын эске алуу менен, КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча ​ ​ башкармалыгынын Каракол шаардык ӨК бөлүмүнүн адистери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. ӨКМнин адистери турак үй ээлерине күнүмдүк турмуштагы өрттүн келип чыгуу себептерин жана өрт коопсуздук эрежелерин эскертип жатышат. Маселен, бүгүн 6-май күнү Каракол шаарында ӨКМнин адистери​ үймө-үй кыдырышып, өрт коопсуздук эрежелерин айтып, балдарды кароосуз калтырбоого чакырышты.

Эскертүү: Жаз айларындагы өрттүн кооптуу мезгили келди: кургак чөп, былтыркы түшкөн жалбырактар ​​кичине учкундан дароо күйүп, өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн. Катуу шамал, жаан-чачындын жетишсиздиги жана абанын жогорку температурасы дагы өрттүн жайылышына себеп болушу мүмкүн. Өрттүн чыгышына жол бербөө үчүн объектилердин, бакчалардын, короолордун аймактарын тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө төмөнкү чараларды колдонуу керек: үйүлгөн таштандыларды аймактардан чыгаруу, суу куюлган идиш орнотуу, таштандыларды өрттөөнү сөзсүз көзөмөлдөңүз. Ал эми токойдо же тоодо жүргөндө күйүп жаткан ширеңкени, тамекинин калдыктарын, айнек идиштерди жана айнектин сыныктарын, майланган жана бензинге малынган тазалоочу материалдарды ыргытпоо зарыл. ​ Эс алуучу жайдан чыкканда, очоктогу күйүү жана түтүн толугу менен токтоп калганга чейин өрттү суу же топурак ​ менен өчүрүңүз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД