Бишкекте курулуп жаткан үйдөн кулаган жигит ооруканага жетпей каза болду

Бишкекте курулуп жаткан турак үйдүн бешинчи кабатынан кулаган адам ооруканага бара жатып каза болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-май күнү болжол менен саат 11:50 чамасында Биринчи Май РИИБине шаардын Киев көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн эркек киши кулап кеткени боюнча билдирүү келип түшкөн.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2001-жылы туулган жаран кырсыкка белгисиз жагдайда кабылган. Ал эсине келбей "Тез жардам" унаасында көз жумган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 258-беренеси "коопсуздук эрежелерин бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тийиштүү бардык экспертизалар дайындалып, учурда тергөө уланууда", - деп билдиришти аталган райондун милициясынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД