А. Бейшеналиев: Эгерде Жапаров менен Ташиев болбогондо, согуш болмок

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча бийликтин аракеттерине баа берди. Ал Vesti.kg сайтында түз эфирде өз пикири менен бөлүштү.

"Менин оюмча, биздин президент Садыр Нургожоевич Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан бул жаңжалды болтурбоо үчүн бардыгы жасалды. Бирок азыр оппоненттер президент эмне үчүн курал колдонууга буйрук берген жок деп жатышат Головной суу алуучу жери жайгашкан жерде тажик тарап минометтер жана гранатометтор колдонушкан. Ал эми курман болгондордун көпчүлүгү ошол жерде болчу. Эгер биздин аскерлерге буйрук берилген болсо, анда ушул убакка чейин жарандык согуш болуп кетмек",-деди министр.

Ал "тажик тарапта дагы, кыргыздарда дагы оор артиллерия бар" деп түшүндүрдү. "Эгер согуш болгондо, биз чоң жоготууларга жол бермекпиз. Согуш Тажикстан менен Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азияда да ачылмак. Афганистан жана башка мамлекеттер дагы кошулмак. Ушуну эске алып, мен ишенем президент туура чечим кабыл алды. Оор артиллерия, миномет колдонбостон, сүйлөшүүлөр менен токтотуу чечими кабыл алынды. Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен макулдашып, согушту токтотконун билесиңер", – деди Бейшеналиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД