Меценат Ташкул Керексизов көз жумду

Меценат, коомдук ишмер Ташкул Керексизов 7-майда 73 жашында каза болду.

Аны жакындан билгендер Керексизов коронавирус жугузуп алып, акыркы күндөрү Бишкектеги Жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланып жатканын кабарлашты. Маркумдун өпкөсү кагынганы айтылууда.

Ташкул Керексизов Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" комплексинин негиздөөчүсү. 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган.

1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "Товар изилдөө" адистиги менен аяктаган. 1996-жылы Кыргызстан Кооперативдер бирлигин жетектеген. 1996-1997-жылдары Талас облусун башкарган. Анан кийинки жылдарда Салык кызматынын директору болгон.

1999-2000-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген, 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп шайланган.

Ал Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы "Манас" орденинин ээси. Ысык-Көлдүн жээгинде "Рух Ордо" комплексинен тышкары "Аалам Ордо" маданий борборун негиздеп, ал долбоор аягына чыга элек болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД