Баткен эли колдоо көрсөткөндөргө жана коомчулука ыраазычылык билдирди

Баткен облусунун эли башка түшкөн оор кырдаалда жардам колун сунган бардык мекендештерге жана дүйнө коомчулугуна ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Анда чек ара чырында жакындарын жоготуп, турак жайынан ажырап, эвакуацияланып азап тарткан эл мекендештердин ар тараптуу колдоосун сезип турганы айтылат.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуядан Баткен облусунда ондогон өмүрлөр кыйылып, жүздөгөн жарандар жаракат алды, үй-бүлөлөр турак жайсыз калды деген кабарды ар бир мекендешибиз оор жоготуу катары кабыл алганын сезип турабыз. Мындан улам кайрымдуу инсандар тарабынан "Баткен, биз сени менен!" деген ураан аркылуу моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иштери ыкчам жана активдүү уюштурулуп жатат. Кыргыз эли ынтымагын, биримдигин жана берешендигин дагы бир ирет далилдеди. Азыркы күндө бизге өлкө аймагынан эле эмес, дүйнө коомчулугунан да жардамдар келип жатат. Жардам колун сунган ар бир жаранга жалпы облус элинин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД