Лукашенко президенттин көз жумса бийликтин кимге өтөрү боюнча кол койду

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко бүгүн, 9-майда "Эгемендүүлүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Кол коюлган документке ылайык, террордук акт, тышкы агрессия же башка зордук-зомбулук аракеттеринин натыйжасында мамлекет башчысы каза болгон учурда бийлик Коопсуздук кеңешине өтөт. Бардык мамлекеттик органдар жана кызматта тургандар Коопсуздук кеңешинин чечими менен иш алып барат. Отурумдарга төрагалык кылуу милдети премьер-министрге жүктөлөт.

Ошол эле учурда өлкө аймагына дароо өзгөчө кырдаал же аскердик абал киргизилип, Коопсуздук кеңеши аларды камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын тизмесин аныктайт.

Белгилей кетсек, быйыл, апрелдин ортосунда Лукашенконун жана анын үй-бүлөсүнө кол салууга даярданган адамдардын тобу кармалганы боюнча маалымат тараган. Лукашенконун айтымында, буга америкалык атайын кызматтын тиешеси бар жана кармалгандардын арасында чет элдик агенттер болгон. Өлкөнүн мамлекеттик коопсуздук боюнча комитети козголоңчулар өлкөдө куралдуу басып алуу даярданганын билдирген эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД