Канда холестерин көп экениндигин кантип билсе болот

Окумуштуулардын материалында жазылгандай, канда холестерин көбөйгөндө мээнин кан айлануусу жайлап, ал тургай токтоп калат. Мындан улам адам инсульт болот. "Кан тамыр түтүк сыяктуу, холестерин көп болгон учурда ал түтүктү жаап салып, жыйынтыгында кычкылтек, азыктандыруучу заттар жүрөккө жетпей калат. Мунун кесепетинен аталган орган приступ болот", - деп айтылат маалыматта.

Медиктердин айтымында, канда холестерин көбөйүп кеткенде көкүрөк тушу, буту-колдун учтары ооруй баштайт. Мындан сырткары, адамдын аң-сезими ар нерсени чаташтыра баштайт. Мунун себеби мээге кан жетпей калгандыгында. Муундардын оорушу, дем алуунун кыйындашы, чарчоо да канда холестерин ашыкча экенинен кабар берет.

Буга чейин адис, дарыгерлер канда холестеринди кумшекер, майлуу, куурулган, камыр тамактар көбөйтө турганын айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД