Каржы министри: Баткендеги талкаланган үйлөрдү ишкерлер куруп бермей болду

Жакында эле министрлер кабинетинин төрагасы менен бирге бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолуктук, деп билдирди экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков "Биринчи радионун" эфиринде.

Анын айтымында, курулуш тармагындагы ишкерлер Баткен облусунун тургундарына үй куруп берүүнү сунушташты.

"Мисалы бир компания 36 үй курууну баштады. Ар бир компания мүмкүнчүлүгүнө жараша үй куруп берүүнү сунуштады. Ал эми өкмөт тараптан социалдык инфраструктура: маданий жана билим берүү мекемелери, ФАП, чек ара заставалары жана жолдор калыбына келтирилет. Калыбына келтирүү иштерине өкмөт тараптан 700 млн сом бөлүнгөн, анын ичинен 200 млн сом үйлөрдү курууга каралган. Бирок үй куруп беребиз деген ишкерлер бул каражатты инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн жумшоону сунушташты. Ал эми 500 млн сом жол, социалдык объект жана суу түтүктөрүн тартууга жумшалат", – деди Кармышаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД