Антонина Шевченко АКШлык атаандашынан жеңилди

16-майга караган түнү, АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында Кыргызстандан чыккан мушкер Антонина Шевченко (Валентина Шевченконун сиңдиси) менен АКШлык Андреа Ли менен беттешти.

Экинчи раундда беттеш партерге өтүп, АКШлык мушкер Шевченкону муунтууга аракет кылган. Жыйынтыгында раунддун бүтөрүнө 8 секунд калганда Ли сабмишен ыкмасы менен кыргыз мушкеринин колун кайрып жеңишке жетишти.

Андреа Ли 17-беттешке чыгып, 12-жеңишке жетишти. Ал эми Антонина Шевченко UFCде 3-ирет жеңилүү ызасын тартып жатат. Ал буга чейин 9 беттеште жеңүген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД