Бишкекте кайтадан “тез жардам” жана милиция катышкан жол кырсыгы катталды

22синен 23-ноябрга караган түнү Бишкекте тез жардам кызматынын машинасы менен укук коргоо органынын машинасы кагышты. Бул тууралуу Медициналык тез жардам кызматынын башкы врач орун басары Дмитрий Денисов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, машинанын ичиндеги медкызматкерлер жарат алган эмес. Жол кырсыгына кабылгандар өз ара сүйлөшүшүп тарап кетишкен.

Окуянын толук чоо-жайы азырынча маалымдала элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД