Курмангазы Исанаев: Мамлекеттик цирктин карамагында алты гана ат бар

Мен Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Курмангазы Исанаевди бул ызы-чуу эмес, цирктин азыркы учурдагы абалы тууралуу сурап, кепке тарттым.

- Маалында кыргыз циркинде 29 түрдүү жаныбар болуп, экзотикалык фаунасы бай деп айтылып келген экен. Учурда цирктин карамагында канча жаныбар бар?

- Буга чейин цирктин карамагында канча жаныбар бар экенин айта албайм. Аткени мен ал убакта иштеген жокмун. Мен бул кызматка 2004-жылы дайындалдым. Ал эми азыр цирктин карамагында канча жаныбар бар деп сурай турган болсоң – учурда цирктин карамагында алты ат бар. Эки ит да бар эле. Аларды кармап турууга каражат жок болгондуктан иттерди алардын ээлеринин менчигине өткөрүп бергенбиз. Мамлекет тарабынан жаныбарларды кармоого каражат бөлүнбөйт. Ошондуктан цирктин карамагына жаныбарларды албай жатабыз.

- Мурда цирктеги жаныбарларды багуу кандай болгон? Алардын жеген тамагын мамлекет каржылап берип турса керек да?

- Ооба, жаныбарларды кармоого мамлекет тарабынан каражат бөлүнчү. Ал убакта цирк Москвадан көзөмөлдөнүп, ошол жактын көзөмөлүндө турган. Бишкектеги Москва жана Аламүдүн районунда цирктин малдары багылган жана малдын жем-чөбү өстүрүлө турган жерлер да бар болчу. Ал жерге арпа, чөп эгилген. Учурда алар жок. Азыр аны издейли десек, анын документи жок. Бары менчиктештирилип кетиптир.

- Бардыгына эле кызык болсо керек: бүгүнкү күнү циркте канча киши иштейт?

- Учурда циркте 132 киши туруктуу иштейт. Алардын 65и чыгармачылык менен иштегендер – артисттер. Калганы техникалык кызматкерлер. Цирк деп аты айтып тургандай техникалык кызматкерлердин ролу чоң. Алар жарык, үн, декорация сыяктуу иштерди жасашат. Цирктин имаратын да карап туруу үчүн монтажник, техниктер да керек.

- Бул жакта иштегендердин орточо айлыгы канча?

- Биздин кызматкерлердин орточо айлыгы 4 000 сомду түзөт. Эң төмөнкү айлык 3500 сом болсо, эң жогорку айлык алгандардыкы 12 000 сом. Бул айлыкты эл артисти деген наамы бар артистер алат. Эл артисти наамы үчүн мамлекет тарабынан 5 миң сом берилет. Ал эми эмгек сиңирген артист наамы барларга 2,5 миң сом кошулат. Дагы кошумча айта турган болсок, учурда циркте эмгектенген артисттердин ичинен 1 эмгек сиңирген артист, 1 эл артисти жана 33 маданияттык мыкты кызматкерилери иштешет. Ошондой эле түрдүү грамота, анын ичинен президенттин грамоталарын алган артисттер бар.

- 2012-жылы көрүүчүлөрдү эң көп тарткан маданий мекеме.

- Кыргыз мамлекеттик цирктин жетишкендиктери тууралуу айта турган болсок, 2007-, 2010- жана 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча театр оюн зоок мекемелеринин ичинен биз мыкты мекеме деген ардактуу наамды жеңип алдык. Андан сырткары эң көп көрүүчү тарткан мекеме да болдук. Былтыр, 2012-жылы 200 миңден ашык көрүүчү тартканбыз. Бул жалпы кыргызстандагы көрүүчүлөрдүн 50%га жакынын түзөт. Бул маданият мекемелериндеги эң чоң көрсөткүч.

- Бишкекке башка жактан келген цирк артистерининда өнөрлөрүнө күбө болуп калабыз. Өткөн жылы чет элдик канча цирк келди?

- 6 чет элдик цирк келди. Алар 1 айга жакын өз өнөрлөрүн шаар тургундары менен конокторуна көргөзүп атты. Андан сырткары биздин цирктин эки труппасы Кыргызстанды жылыга "Сахнадагы цирк" деген оюнун көргөзүп кыдырып чыгат. Быйылкы иштин графигин 15-мартта башталат деп бекиттик. Бир труппа түндүктөн, бирөөсү түштүктөн баштайт. 2007-жылы цирктин алдына өзүнүн студиясы иштей баштады. Аны ушул күнгө чейин 33 бүтүрүүчү бүттү. Алар да труппадагы артистерди толуктады. Кээси жеке номерлери менен чыгып жүрөт.

- Маалында кыргыз циркинин артисттери чет жакта да ийгиликтерди жаратып келген. Учурда абал кандай?

- Кыргыз цирки талантуу артисттерден колу кур эмес. Мисалга, 2010-жылдан бери Ершовдордун труппасы Москвада иштеп атат. Андан сырткары Германия, Испания, Дания, Франция, Кытай Казакстанда биздин артистер атайын чакыруу менен барып өз өнөрлөрүн тартуулап атышат.

Ушул жылдын 22-февралында кайрымдуулук концерт бердик. Ага 2 миңге чейин киши келип, отурарга орун калбай калды. Бул концертке аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары келди. Былтыр кыргыз цирки 17 жолу кайрымдуулук концертин бердик.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД