Евросоюз 430 миллион еврого жардам бергенин билдирди

Евросоюз Кыргызстанга ушул убакка чейин жалпысынан 430 миллион евро колдоо көрсөткөн. Бул тууралуу бүгүн 26-июнда журналисттерге Европа союзунун Борбордук Азиядагы өкүлү Патриция Флор билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттар социалдык тармак, билим берүү программаларына жана демократия, парламентаризмди колдоо үчүн бөлүнгөн. Патриция айымдын билдиришинче, Евросоюз менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташуунун маанилүү маселеси катары коопсуздук тармагы каралат. "Биз коопсуздук маселеси катары "согуш менен тынчтыкты" эле эмес, кылмыштуулук, социалдык коргоо, чек аралардын бекемдиги сыяктуу бири-бири менен тыгыз байланышкан маселелерди карайбыз", - деп айтты.

Флор айымындын сөздөрүнө ишенсек, ЕС дипломатиялык диалог түшүнүгүн киргизүү аракетинде экен. Анткени, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн бул түрү региондо анча өнүккөн эмес. Ушуга таянып, ЕС мамлекеттер арасындагы ишенимди бекемдөөнү башкы максат кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД