Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 90 пайызы жумушсуз

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жеткиликтүү турмуштук шартта жашашпайт. Бул тууралуу "Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарына байланышкан маселелер" аттуу тегерек столдо кеп болду. Алар тараткан материалга таянсак, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар аралыкты басып өтүүгө атайын шаймандардын жоктугунан билим алууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Анын үстүнө социалдык төлөмдөрдүн аздыгы, жумуш ордуларынын жетишсиздиги да жашоо шарттын татаалдашына алып келүүдө.

"Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 90 пайызы жумушсуз. 18 жашка чейинки 22 миң мындай абалдагы балдардын 6 миңи гана мектепке барышат. Ошондо, 16 миң бала башка балдардай мектептен билим албай, социалдык колдоого, медициналык жардамга муктаж болуп жатышат" - деп маалыматта айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД