Ысык-Көл райпрокуратурасынын башчысын жана орун басарын пара менен кармашты

КРнын Башкы прокуратурасы өзүнүн расмий сайтында Ысык-Көл райондук прокуроруна жана анын орун басарына кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалымат таратты.

24-июль күнү Башпрокуратурага райондук прокурорго чара көрүү максаты менен жергиликтүү атуул арыз жазып кайрылган. Арыздануучунун айтымында, райондук прокуратуранын жетекчиси $300 сураса, анын орун басары ишти токтотуу үчүн 40 миң сом талап кылган. ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгынын аракетинин натыйжасында, 25-июль күнү жогоруда айтылган суммадагы каражатты алууда Ысык-Көл райондук прокуратуранын жетекчиси жана орун басары кармалды. Кармалгандарга "Пара алуу" боюнча кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД