Эмгек мигранттарынын укугун кеңейтүү үчүн 23 көзкарандысыз уюм биригишти

Кыргызстан менен Тажикстандын 25 көзкарандысыз уюму эмгек мигранттарынын укугун кеңейтүү максатында биригишкенин кечээ, 26-июлда, "Кыймылдагы Борбордук Азия" атуулдук платформасынын өкүлү Светлана Баштовенко билдирди. Анын айтымында 4 жылга эсептелген программанын бюджети $3 млн. түзөт.

"Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү Мира Итикееванын маалыматы боюнча Бишкек шаарынын тургундарынын 20 пайызында катталуу документтери жок экен. "Кыргызстандын атуулу болуп туруп, документинде көрсөтүлгөн жерде жашабаса көпчүлүк кепилдик берилген мамлекеттик кызматтардан пайдалана алышпайт", - деп билдирди Мира Итикеева.

Бул долбоор үч багытта иш алып барат: жөнөтүүчү тараптар менен, ички жана тышкы миграция боюнча.

"Кыймылдагы Борбордук Азия" уюмунун иштерин коомчулукка байма-бай чагылдырып туруу максатында учурда 4 блогерди кабыл алууну көздөп жатышканы да айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД