Акыйкатчы Суталиновдун карындашына басым кылууну токтотууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Гүлзар Суталинованын соттордду тандоо конкурсуна катышуусуна каршы чыккандарды анын тууганы "апрель трагедиясынын күнөөкөрлөрүнүн бири" экендигин себеп кылып, конкурска тоскоолдук кылбоого чакырды.

"Бул жарандын Конституциялык укугун бузуу эле эмес, жөнөкөй эле адамдык түшүнүктөргө да туура келбейт ",-деп айтылат Турсунбек Акундун кайрылуусунда.

"А.Г.Суталинова кесипкөй судья, анын артында кандайдыр-бир чыр-чатак айтылып жана коомдо жаманатты болгон учуру байкалган эмес. Анын ысымын агасы менен байланыштыруу – логикага жатпаган көрүнүш. Г. Суталинова Жогорку Соттун судьясы болуп шайланабы, же жокпу – муну Сотторду тандоо кеңеши чечет",-деп айткан Акыйкатчынын кайрылуусунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД