Олимпиада-2012: биздин дзюдочулардын алгачкы атаандаштары аныкталды

Кыргызстандык дзюдочулар Чыңгыз Мамедов менен Юрий Краковецкий Лондондогу Олимпиада беттешеүүлөрүндө атаандаштары ким болорун билишти.

Мелдеш оюндардын расмий сайты, Мамедов 90 кг. чейинки салмакта биринчи беттешүүнү 27 жаштагы япон Масаши Нишиямо менен өткөрөрүн жазды. Нишиямо Азия чемпиону, Гран-при серияларынын турнирлеринин төрт жолку жеңүүчүсү. Эки спортчу 1-августта, Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да беттешмекчи.

Кыргызстандык экинчи дзюдочу 100 кг. салмактан жогоркулардын категориясындагы Юрий Краковецкий Румын спортчусу Владут Симонеску менен дал келет экен. Күрөш 3-августта, Бишкек убактысы менен 14:37де болот.

Юрий Краковецкийдин атаандашы жаштар арасындагы Евпропа Кубогунун ээси, Румыниянын беш жолку чемпиону, ошондой эле Гран-при серияларынын турнирлеринин коло байгесинин ээси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД