Ала-Арча жаратылыш паркына элди кое бере башташты

"Ала-Арча жаратылыш паркына элди кое бере баштады",-деп билдири ошол жердеги "ВБ"нын кабарчысы. Топтолуп тургандар парктын ичине киргизилбей эки саат турушкандыгын айтып беришти. Ал жердеги кароолчу сел коркунучунан улам, адамдардын коопсуздугу үчүн убактылуу жасалган чара экендигин айтты.

"Бул сел анча деле чоң эмес. Бул жерде көп жылдан бери иштейм",-деди ал.

Элдин парктын ичине кое берип баштагандыгын коркунуч жок деп эсептелгендигинен улам деп түшүндүрүштү.

Бирок, Байтик айылындагы жашоочулар электр кубаты өчүп калгандыгын билдиришти. Кой-Таш айылындагы Коргоо министрлигинин аскердик бөлүгүндө жаңы эле суу кайтаруучу сигнализация иштеп кеткендигин ошол жерде министрликтин коллегиясына катышып отурган биздин кабарчы билдирди.

Маалымат үчүн: Адыгыне дарыясы (пикке жакындаганда Тез-Төр дарыясы менен кошулуп кетет) Ала-Арчанын сол куймасы. Адыгыне чокусу окшош аталыштагы капчыгайдын (Кыргыз тоо кыркаларынын борбордук бөлүгүнүн түндүк бетинде) башында жайгашкан. Адыгыне жана Электро чокуларынын ортосунда 4030 метрлик Адыгыне ашуусу бар. Адыгыненин түндүк бетинде мөңгү, Тез-Төр мөңгүсүнө уланып кетет. Адыгыне чокусу Ала-Арча капчыгайынан караганда абдан жакшы көрүнөт. Эки мөңгүнүн жанында аты окшош көлдөр орун алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД