Жаңы окуу жылынан тарта КРде TOEFL ITP киргизиле баштайт

Адатта, европа окуу жайларына өтүү үчүн TOEFL ITP тапшыруу жетиштүү болчу. Кыргызстанда бул экзамендерди өткөрүү укугун француз мектеби алган.

"Чет тил катары англис тили боюнча билимин аныктаган эл аралык экзамен электрондук форматта өткөрүлөт, тесттен өтүп жаткандардын коммуникативдик көнүгүүлөрү онлайн режиминде бааланат. Интернет аркылуу жазуу гана эмес, оозеки сүйлөшүү деңгээли да текшерилет. Бул экзамендер, негизинен, Америка жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) өтөм дегендер үчүн колдонулат. Ал эми ITP экзаменге катышып жаткандардын учурдагы тил көнүгүүлөрүн окутуучулардын тез баалоосуна жардам берет. Мындан сырткары, аталган тестти жасоо үчүн атайын техникалык жактан жабдылуу талап кылынат. Бул жерде адамдык факторлордун катышуусу болбойт. Алынган маалыматтар Париж шаарындагы штаб-квартирада атайын программалардын жана принтердин жардамы менен барактагы жооптордун саны саналып, иштетилип чыгат",-деди ETS Globalдын расмий өкүлү Чынара Адамалиева.

Тесттин жыйынтыктары Европалык кеңеш иштеп чыккан европа шкаласына теңелет. Ага ылайык, баалар А1ден (башталгыч деңгээл) С2ге (өнүктүрүлгөн, жетишилген деңгээлге) чейинки баалар менен аныкталат. Англис тилинде билим берген ЖОЖдордун стандарты орто жана жогоркунун ортосундагы B2 деп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД